Александр Лукашенко Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Мындай маалымат Беларусь президентинин расмий сайтына жарыяланды.

"Сиздин ушул жогорку мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүңүз коомдогу биримдикти жана ынтымакты чыңдоого, социалдык туруктуулукту жана эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга салым кошот деп ишенем", - деп жазылат куттуктоодо.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык, кыргыз элинин гүлдөп өсүшү үчүн койгон максаттарына жетүүдө ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан