Президенттик шайлоо. БШК добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну аяктоодо

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну аяктоодо. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 2021-жылдын 17-январына карата 54 аймактык шайлоо комиссиясынан төмөнкүлөр протоколдорун тапшырды:

- Ош облусу (Чоң-Алай, Алай, Араван, Кара-Суу);

- Талас облусу (Манас, Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата);

- Жалал-Абад облусу (Аксы, Ала-Бука, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал);

- Нарын облусу (Нарын шаардык, Кочкор, Нарын, Жумгал, Ат-Башы);

- Ысык-Көл облусу (Каракол, Балыкчы, Ак-Суу, Жети-Өгүз);

- Чүй облусу (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Чүй, Сокулук, Панфилов, Токмок);

- Баткен облусу (Баткен шаардык, Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Сүлүктү).

Тапшыра элек аймактык шайлоо комиссиялары:

- Бишкек шаары;

- Ош шаары;

- Ош облусу (Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат);

- Талас облусу (Талас шаардык);

- Жалал-Абад облусу (Базар-Коргон, Жалал-Абад, Ноокен, Токтогул);

- Нарын облусу (Ак-Талаа);

- Ысык-Көл облусу (Ысык-Көл, Түп, Тоң);

- Чүй облусу (Ыcык-Ата, Москва);

- Баткен облусу (Кадамжай).

Төмөнкү шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп таанылды (жокко чыгарылды):

АШКнын аталышы

УШК №

Шайлоо өнөктүгү

Себептери

7

8

Референдум-7

Президенттик-4

добуш берүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүүлүк менен белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербей турган бузуулар орун алды

1

Ош шаардык

5901

Референдум

2

Кара-Суу

5584

Референдум

3

Араван

5493

Президенттик жана референдум

1

Нарын шаардык

4064

Референдум

2

Нарын

4037

Президенттик

1

Лейлек

8004

Президенттик жана референдум

2

Кадамжай

8113

Референдум

8116

Президенттик жана референдум

Маалым болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясы түздөн-түз аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо – добуш берүү күнүнөн тартып 15 календардык күндөн башкача айтканда 2021-жылдын 24-январынан (кошо алганда) кечиктирбестен) шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан