Москвада эмгектенип жаткан жаш түгөйлөр: "Өз өлкөбүздүн абасын жутпай, суусун ичпей жүргөнүбүзгө жылдар айланды" (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

SUPER.KG порталы алыста жүргөн мекендештердин бейнеси, учурдагы абалын, аталган өлкөдөн алган таасирлери тууралуу баяндап берүүнү улантат.

Бүгүнкү каармандарыбыз Асан Мамит уулу жана жубайы Нурзат Алимбекова учурда Орусиянын Москва шаарында эмгектенип жатат. Алар мекенден алыста болсо дагы коомдук иштерге активдүү катышып, "китепкөй түгөйлөрдүн" катарын толуктап келе жаткандыгын айтып өтүштү.

Асан Мамит уулу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнө караштуу Асан-Чек айылынын тургуну. 1993-жылы 31-майда туулган. Үй-бүлөдө жети бир тууган. Апасы "Баатыр эне" орденинин ээси.

Нурзат Алимбекова 1998-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мамажан айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 бир тууган. Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин Биология факультетин аяктаган.

- Москвада эмне жумуш кыласыздар?

Асан Мамит уулу: - Учурда жашаган жерибизден бир аз алыс жайгашкан чакан нан заводдо эмгектенүүдөмүн. Аткарган ишим даяр болгон ар түрдүү нандарды буюртмада көрсөтүлгөндөй кылдаттык менен чогултуп, кардарлардын дарегине жөнөтүп туруу. Мында орношуп иштеп жатканыма жакында бир жыл болот. Жогоруда айткандай, жумушубуз жашаган жерибизге жакын болгондуктан келинчегимди өзүм иштеген жерге, нан өндүрүш мекемесине чакыртып алгам. Жумушка бирге барып келүүдөбүз.

- Аталган шаарда эмгектенип жатканыңыздарга канча убакыт болду?

Нурзат Алимбекова: - Мен 2019-жылдын аяк ченинде келгем. 1 жылдын жүзү болуп калыптыр. Ал эми жолдошумдун келгенине 3-жыл болоюн деп калды. Азыркы учурда мекенди, айылыбызды, ата-энебизди, бир туугандарыбызды сагынып жүрөбүз.

- Сиздерди коомдук иштерге активдүү катышып жүргөн жаштар катары билебиз. Алыста жүрсөңүздөр дагы китеп боюнча бир катар иштерди ишке ашырып келе жатасыздар. Бул жөнүндө кененирээк маалымат бере кетсеңиздер.

Асан Мамит уулу: - Айтканыңызда чындык бар. Дегеним, өз өлкөбүздүн абасын жутпай, суусун ичпей жүргөнүбүзгө жылдар айланды. Мекенге болгон сагыныч, кусалыктардан азын-оолак алыстоо, алаксуу үчүн кез-кезде коомдук, маданий саамалыктарга барып турабыз. Кээ бир учурда мында жүргөн жаш улан-кыздар менен биргеликте адабий кечелерди өткөрүп, кыргыз элине эмгеги сиңип, изи калган улуу акын-жазуучуларыбызды эскерүү иш-чараларын уюштуруп келебиз. Мисалга алсам, акыркы ирет улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгын утурлай адабий иш-чара өткөрдүк. Албетте, мындай саамалыкта биримдиктүү иштешүүдө ишенимдүү командалар менен иш алып барабыз.
Нурзат Алимбекова: - Ооба, жашоодо кайсы жерде болсоң да чөйрө негизги орунду ээлейт экен. Бишкекте окуп жүрүп жакшы бир чөйрө таап, "Инсандык өнүгүү" деген студенттик клубда алгачкы тушообуз кесилип, китеп жаатында болобу, кайрымдуулукта, маданий, коомдук иш-чараларды өткөрүп, бизге үлгү болгон байке, эжелерибизге көмөктөшүп жүрүп көп нерсени үйрөнгөн экенмин. 2019-жылдын башында "Бир адамдан бир китеп" деген долбоорду Бакай Акылбеков байкебиз баш болгон команда өз айылдарында баштаган эле. Окууну бүтүп айылга келген соң мен да жөн жүрбөй сиңдилерим менен бир команда түзүп, 12-октябрда Мамажан айылында китепкананын ачылышын кылганбыз. Тилекке каршы, китепкана азыркы учурда иштетилбей жатат. Москва шаарына келип да ушул долбоор менен иштеп калышыма жолдошум себепчи болду.

- Бош убактыңыздарды кандай өткөрөсүздөр?

Асан Мамит уулу: - Чынында бош убакытты сарамжалдуулук менен өткөрүүгө аракеттенебиз. Бирок "Сен убакытты кеспесең, убакыт сени кесет" демекчи, айрым учурда күн тартиби иреттелбей бошко кеткен учурлар кездешет. Ошентсе да китеп окуу, кыргыз кинотеатрына барып кино көрүү, кээ бир учурда Акбар Кубанычбеков, Бердибек Жамгырчиев, Гүльниза Эргешова өңдүү бүгүнкүнүн жаш калемгерлеринин ырын окуп, кээ бирде видео жасап, социалдык тармактарга жүктөөгө да көбүрөөк убакыт бөлүп келем.
Нурзат Алимбекова: - Учурдун эң актуалдуу суроосу деп билем. XXI кылымда интернет бардык тармакта өнүккөн заманда убактыбыз тез өтүүдө. Албетте, аны пайдаланып калуу бизден көз каранды. Азыркы учурда Москва шаарында түптөлгөн "Надежда" диний илим берүү борборунда илим үйрөнүү менен алекмин. Андан сырткары ар кандай өзүн өнүктүрүүчү курстарга да жазылгам. Иштеп гана тим болбостон өзүбүздү өнүктүрүп, эл-жерге кызмат кылуу максатын да көздөп китеп менен өткөрүүгө аракет кылабыз. Көп китеп окууга убакыт болбойт, ошондуктан аудио китептерди угам. Учурда "Бриллиант жылан" китебинин аудиосун угуп жатам.

- Чет элде жүрүп, сиздер туш болгон кызыктуу окуялар болсо керек.

Нурзат Алимбекова: - Китеп окуй коём деп жолдошумду таап алгам (күлүп). Москвага жаңы эле келип, китеп окуюн деп ылайыктуу жер издеп калдым. Ага чейин Москвада бекер китеп алып, окуп кайтарсаңыз болот деген жарыяны социалдык тармактан көрүп жүргөм. Анан мен дагы байланышып, биринчи китепти алып жатканда жолдошум менен таанышып, минтип үй-бүлө куруп отурабыз.
Асан Мамит уулу: - Кызыктуу окуя десеңиз эстеп кеттим. Москвага жаңы келген учур, тагыраагы, мындан 7-8 жыл мурун эгизим Үсөн экөөбүз бир жерде иштөө үчүн керектүү иш кагаздарды бүтүрүп жүргөнбүз. Баса, эгизим демекчи, ал жөнүндө айтпай калган экенмин. Үсөн учурда өз кесибин аркалап Кара-Суу райондук мекемелердин биринде эмгектенүүдө. Ошентип бир жерге барып эмгек келишимин камтыган китепче жасаттык, экөөбүздүн фамилиябыз, туулган күн, дегеле ысымыбыздан бөлөк бүт маалыматыбыз окшош болгондуктан документ жасаган адистер экөөбүздүн сүрөтүбүздүн ордун алмаштырып алышкан экен. Эң кызыгы, аны алганда эмес, милиция бөлүмүнө киргенде милициялар баамдап калган экен (күлүп).

- Байкоомдо жаңы гана үй-бүлө күткөндүгүңүздөргө карабай "Китепкөй үй-бүлө" аталып жүргөнүңүздөрдү байкай алдым, мындай аталып калууңуздардын себеби эмнеде?

Нурзат Алимбекова: - Негизинен бул аталыш бир чети кубандырса, бир чети ойго салат. Ойго салгандыгы эл сенден бир нерсенин жыйынтыгын күткөндөй болуп, элдин ишенимин актоо оңой эместигин сезип, кез-кезде ойго батып турасың. Бир чети "Адам же жакшы, же жаман жагынан таанылат" болуп, кичинекей эмгегибизди баалап, эл бизди "Китепкөй үй-бүлө" атап алгандыгы турмушта көбүрөөк шыктандырып турат.
Асан Мамит уулу: - Дагы бир себеби ушунда болсо керек, жогоруда келинчегим айткандай, Москва шаарында китеп окуу жөрөлгөсүн көтөрүп, мындагы мекендештерге кыргыз тилдүү китептерди акысыз берүү менен "Кыргыз китепканасы" деп да аталып калган жайыбыз бар.

- Маегиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз! Бактылуу болуңуздар!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2021-01-19 23:39:35
Азыркы бийликтен, президенттен умутубуз чон. Кудай буйурса олкону онуктуруу жолуна салса чет жердеги мекендештерибиз акырындан келе баштайт. Дайыма дуба кылып туралы!
+9
Aranida
2021-01-20 09:55:15
Азаматтар,ишиңерге ийгилик...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан