БШКнын жыйынында дагы 2 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Токтогул шаарындагы №2238 жана Ош шаарындагы №5555 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. Мындай чечим бүгүн, 20-январда БШКнын кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Жыйында бул маселе боюнча баяндама жасаган шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы Төлөгөн Айтикеев төмөндөгүлөргө токтолду.

"Жалал-Абад шаарындагы, Токтогул районундагы, Токтогул шаарындагы №2238 шайлоо тилкесинде идентификациядан өткөн шайлоочулардын санына караганда урнадан чыгарылган бюллетендердин саны бир бюллетенге көп болгонуна байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну сунуштап жатабыз. Ошондой эле Ош шаарындагы №5555 шайлоо тилкесиндеги эреже бузуулар боюнча 4 арыз даттануу түшкөн. Ушул даттануулардын негизинде бул шайлоо тилкесинде дагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сунуш беребиз",- деди Айтикеев.

Аталган сунуш боюнча БШКнын мүчөлөрү тарабынан добуш берүүдө кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kari
2021-01-20 13:36:27
Жокко чыгарган кундо деле Жапаровтун пайызы азайып кетпейт та.Кимге пайда,кимге зыян.Убакыт текке кетип жатат.Эл тан алдыбы,копчулуко азчылык баш ийип,шайлоо чечимин кабыл алып,женилгендер чыдашы керек эми.Же оптомуга 5 президент шайлап алсакпы.
0
Samsung-
2021-01-20 16:12:33
Садыр экинчи тур болуп калабы балким деп ойлоп премерлик кызматын тапшырбай жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан