Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында келин операция жолу менен төрөп, андан кийин каза болгон. Бул боюнча милицияга арыз менен келиндин күйөөсү кайрылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1978-жылы туулган келин 2020-жылдын 11-ноябрында Кара-Көл шаарынын ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн даарыгерлери тарабынан операция жолу менен төрөгөн.
"Арызда, келиндин жакындарды төрөттөн кийин дарыгерлер аны туура эмес дарылап жана туура эмес кан куюп, жумушуна шалаакылык мамиле жасагандан соң, келин Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия бөлүмүндө каза болуп калгандыгын жазышкан. Ошол себептен Кара-Көл шаардык ооруканасынын төрөт үйүнүн дарыгерлерине карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сурап кайрылган. Бул факты боюнча материал "медицина кызматкери тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен катталып сотко чейин өндүрүш иши ачылган. Аталган иш боюнча Кара-Көл шаардык оорукананын тийиштүү кызматкерлери суралган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.