7 президенттикке талапкердин күрөө акчасы кайтарылат. Бул тууралуу БШКнын жыйынында айтылды.
Белгилүү болгондой, 1 миллион сом өлчөмүндөгү күрөө акчасы шайлоочулардын 1 пайыз же андан көп добуш алган талапкерлерге кайтарылып берилет. Алар 79,2 пайыз добуш алган Садыр Жапаров, 6,79 пайыз добуш алган Адахан Мадумаров, 2,36 пайыз добуш алган Бабыржан Төлбаев, 1,69 пайыз добуш алган Мыктыбек Арстанбек, 1,46 пайыз добуш алган Абдил Сегизбаев, 1,17 пайыз добуш алган Имамидин Ташов жана 1 пайыз добуш алган Клара Сооронкулова.
Буга чейин талапкерликке каттоодон баш тартылган Кубан Чороев, Кубанычбек Токтосунов жана Кубанчыбек Исабековдун күрөө акчалары кайтарылган. Ал эми Рашид Тагаев шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин жарыштан четтегендиктен анын күрөөсү кайтарылбайт.
Калган 11 талапкер 1 пайыздан кем добуш алганына байланыштуу күрөө акчалары мамлекеттик бюджетке которулат.