ЭЛДИК КАБАР: "Сузактагы райондук оорукананын жолу 4 жылдан бери оңдолбой турат " дейт окурман (сүрөт)

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Бакыт Аманов аттуу жаран кайрылды. Ал Сузак районунун райондук ооруканасынын кире беришинин акыбалы кейиштүү абалда экенин айтат.

Айтымында, оорукананын алдындагы жол 4 жылдан бери ушул абалда турат.

"Райондук оорукананын жолу аркылуу ичине кирүү мүмкүн эмес. Анткени оорукананын кире бериши уңкур-чуңкур, таза жери жок. Азыр ооруканга "Тез жардам" унаасы менен көп бейтаптарды алып келип жатышат. Алар келгенинен дагы, ичине кирүүдө кыйналышууда. Анткени жаан жааганда көлчүк болуп, жолду басууга мүмкүн болбой калат. Билишимче жол 4 жылдан бери эле ушул абалда турат, жыйынтык жок", - деди ал.



Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHahabidin-jabborov
2021-01-23 15:34:53
Лейлек районундагы ГСВ 9 суук,тонуп каласин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан