SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман, ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылганын айтып, жазды.
Окурмандын маалыматына ылайык, анын жанында кыздары болгон жана ырчы белин кокустаткан.
"Кырсык Түп районунда катуу эле болду, кичүү кызы да жанында бар болчу. Кызынын буту сыныптыр деп жатышкан. Алар лыжа тебүүчү базага келишкен экен", - деди окурман.
Ал эми Анжелика кечээ, 23-январда интернеттеги баракчасына "Аллахка чексиз мактоолор, доктурларга таазим. Баары шүгүр, чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун, аманбыз", - деп билдирүү калтырган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.