Баткен облусунда Hyundai Porter унааларынын аккумуляторлорун уурдаган фактылардын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
2021-жылдын январь айынын башында Кадамжай шаарында, Пүлгөн, Алга айылдарында Hyundai Porter унааларынын аккумуляторлору түн ичинде уурдалган. Бул факты Кадамжай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кадамжай РИИБинин “укук тартип” операциясынын негизинде жогорудагы уурулук фактыларынын бети ачылып, уурдалган буюмдар өз ээлерине кайтарылып берилген. Мындан сырткары операциянын жүрүшүндө Үч-Коргон жана Көтөрмө айылдарында уурдалган 2 мал уурулуктун бети ачылып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилген.