SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Бишкек шаарынын Селекция айылындагы Орок орто мектебинин ата-энелер тобунан кайрылышты. Алардын айтымында, аталган орто мектептин мугалими ата-энелерден пол жууп иштеген жумушчуга айлык маяна төлөп берүү үчүн ар бир окуучуга 500 сомдон акча чогултуп берүүсүн талап кылган.
Ата-энелердин айтымында, 3-4төн бала окуган үй-бүлөлөр дагы бар. Аларга 500 сомдон чогултуп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок экендигин айтышса, мугалим ата-энелердин өздөрүн кезектешип келип, мектептин класстарын жууп-тазалап берүүсүн талап кылган.
"Биздин балдар Орок орто мектебинде окушат. Азыркы учурда мектепте бир эле пол жуучу кызматкер иштеп жатат. Ага айлык маяна төлөп берүү үчүн мугалимдер ата-энелерден ар бир балага айына 500 сомдон акча чогултуп берүүсүн талап кылып жатат. Төлөй албасаңар өзүңөр келип жууп тазалап кеткиле деп талап коюуда. Буга кээ бир ата-энелер айласыздан макул болуп жатышат. Бирок көпчүлүк макул эмес. Негизи мектеп өкмөткө караштуу болгондон кийин айлыкты өкмөт төлөп бериш керек эле. Кээ бир ата-энелердин 3-4төн балдары окушат. Алардын ар бирине 500дөн төлөп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Биздин дагы мектепти барып жууп, тазалоого убактыбыз боло бербейт. Бул туура эмес.
Ал эми балдарга китептерин өзүбүз сатып беребиз. Менин эки балама мектептен эки эле китеп алып бердим, калганын сатып алдык. Эми минтип акча чогулткула деп талап коюп жатышат. Биз жогорку тиешелүү тараптардан ушул маселени чечип берүүсүн суранабыз", - дешти ата-энелер тобунан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.