SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылып, мөөнөтү өтүп кеткен камыр көптүргүч сатылып жатканын айтат.
"Камыр көптүргүч алдык эле, мөөнөтү өтүп кетиптир. Көптүргүч эски болгондуктан андагы датанын ордуна жаңы дата чапталган экен", - дейт окурман.
Окурман жөнөткөн сүрөттөн камыр көптүргүчтүн көрсөтүлгөн датасы сырткы кагазда башка, ичинде башка экендигин көрүүгө болот.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.