SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну кайрылды. Ал баласы окуган мектепте мугалим окуучуларга 1 литрлик антисептик, кагаз майлык, суюк самын жана башка алып келүүгө мажбурлап жатканын айтат. Окурман окуучулар аталган каражаттарды мектепке алып барууга милдеттүү эмес деп эсептей турганын билдирди.
"Балам Жалал-Абад шаарындагы №1 Бабкина атындагы гимназия мектебинде окуйт. Бүгүн окууга уруксат берилди, мектепке барган күнү эле эжекебиз коргонуу каражаттарын алып келгиле дептир. Класс үчүн ар бир окуучу 1 литрлик антисептик, кагаз майлык, суюк самын жана башка алып барышы керек экен. Ошондо мектепти мамлекет каржылабайбы? Ансыз да ар бир окуучу чөнтөк антисептигин, салфетка, бет кап алып барып жатат го, анысы ашыкча эмеспи?
Бүгүн сабакта да "эмнеге алып келген жоксуңар, алып келгиле" деп дайындаптыр. Негизи ушул нерселерди мектеп каржылайбы? Өзүнө айтсам, баламды карабай артка тартат, силерге айтууга мажбур болдум", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.