"Тура калып кол чапкан коноктор". "Кыргыз тилинде куттуктаган Европа Биримдигинин өкүлү". Инаугурациядагы бардык кызыктар бир шилтемеде (хронология)

Бүгүн, 28-январда президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өтөт. SUPER.KG порталы инаугурация күнүндө орун алган бардык кызыктуу кабарларды бир шилтемеге топтойт.

2021-01-28 12:12:00

Садыр Жапаров президенттик кызматка расмий түрдө киришти.

2021-01-28 12:04:00

Садыр Жапаров өкмөт үйүндөгү кабинетине кирди. Аны кабинет менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов тааныштырып, ийгилик каалады.

2021-01-28 11:52:00

Садыр Жапаров филармониядан чыкты. Аны сыртта Улуттук Гвардиянын аскерлери тосуп алып, Жапаров аскерлер менен учурашты. Учурда аскерлер параддан өтүп жатышат.

2021-01-28 11:46:00

Садыр Жапаровду куттуктоого келген Евро Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан куттуктоону кыргыз тилинде окуду. Ал бир аз жаңылганын айтып, кийинкисинде толук кандуу кыргыз тилинде куттуктоо айтууга убада берди.

2021-01-28 11:21:00

Садыр Жапаров алдыдагы максаттары, өлкөдөгү ири долбоорлор, мигранттарды өлкөгө кайтарып келүү тууралуу сөз сүйлөп жатат.

2021-01-28 11:11:00

Садыр Жапаровго президенттин төш белгиси тапшырылды. Залдагы коноктор ордунан туруп кол чабышты. 

2021-01-28 11:10:00

Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз эли 30 жылдан бери курулай убадаларга ишенип, көнүп калганын айтты. Мындан тышкары, ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгы мурдагы президенттин, өкмөт башчынын кызматтан кетишине алып келгенин айтып, чоң жоопкерчилик менен өлкөдөгү абалды турукташтыргандыгын айтты.




2021-01-28 11:08:00

Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берүүдө.

2021-01-28 11:03:00

Садыр Жапаров филармониянын ичине кирип, чоң сахнаны көздөй басып келүүдө.

2021-01-28 11:02:00

Садыр Жапаров филармониядан чыгып, өкмөт үйүнө келди. Аны Жогорку Кеңештин төрагасы тосуп алды.

2021-01-28 11:01:00

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров филармонияга келди. Учурда филармонияда Манас жаңырууда.

2021-01-28 10:57:00

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу жана Конституциясы филармонияга алынып кирди.

2021-01-28 10:54:00

Садыр Жапаровдун инаугурациясын 100дөн ашык өлкө түз эфирде берип жатканы айтылды

2021-01-28 10:50:00

Филармонияга экс-президент Сооронбай Жээнбеков келди.

2021-01-28 10:43:00

Филармонияга коноктордун дээрлик бардыгы келди. Алдыңкы орундуктарда Роза Отунбаева, Өмүрбек Бабановдун отурганын көрүүгө болот.

2021-01-28 10:36:00

Инаугурациянын расмий башталышына саналуу мүнөттөр калды. Ал ортодо филармонияга келген айрым коноктор өз ордуларын таппай убара болуп жатышат.

2021-01-28 10:28:00

Филармонияда инаугурацияга чакырылган коноктор чогулууда. Учурда Филармонияга Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев келди.

2021-01-28 10:12:00

Учурда Филармониянын ичине чакырылган коноктор чогулууда. Анда аларга бет каптар таратылууда. Ошондой эле келген конокторго президенттин атынан блокнот белекке берилип жатат.

2021-01-28 09:53:00

Кыргыз улуттук филармониясына инаугурацияга конок катары чакырылгандар кирип жайгашып жатышат.

2021-01-28 09:45:00

Коронавирус пандемиясына байланыштуу инаугурацияга журналисттер киргизилбейт. Мындан улам "Ала-Тоо" аянтына LED-экран орнотулду. Шаардыктар инаугурацияны аянтта түз эфирде көрө алышат.

2021-01-28 09:37:00

Иш-чараны түз алып көрсөтүү саат 10:45ке белгиленген. Учурда Кыргыз улуттук филармониясынын айланасын укук коргоо кызматкерлери курчоого алышты. 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aiba_00
2021-01-28 09:54:29
Кутуп жатабыз.
0
arimaz89
2021-01-28 10:59:30
Кызык ай, масканы сырттан тагынып келиш керек го?
0
Nur777
2021-01-28 11:01:27
Бабанов 2 эмес 7чи же 8чи бетин кийип алып келиптир го)
+1
Jigit25
2021-01-28 12:06:17
Nur777,бети барбы озу
+1
Nina.alex
2021-01-28 11:43:59
Эч кызыгы жок негедир
0
suban78
2021-01-28 12:52:12
Бабанов эмнеге келди ыя туугандар. Бир окуп калдым эле Кыргызстандан аябай коп карызга акча алып ошол бойдон дайыны жок а4чанын деп, же бекер соз беле
0
agekifol
2023-02-06 07:40:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан