Ысык-Көл облусунда эне менен баланын өлүмүнө алардын 25 жаштагы тууганы А.Ж. аттуу жаран шектелүүдө. Учурда аны милиция кызматы издеп жатат. Бул тууралуу укук коргоо органындагы өздүк булактар билдирди.
Шектелип жаткан жаран мурда бир нече жолу соттолгон.
Эгерде кандайдыр бир маалымат болсо, Ысык-Көл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирип коюну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0702 144 997, 0508 122 112, 0709 19 24 76.
Буга чейин 1-февраль күнү кечки саат 20:00 чамасында Кашат айылындагы турак үйдөн 1967-жылы туулган И.Ж. аттуу аялдын жана анын 1992-жылы туулган уулу И.К.нын жансыз денелери табылган. Бул окуя Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.