SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылып, Финансы полициясын ИИМге кошсо көп кылмыштар көмүскөдө калып каларын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
"Урматтуу кыргыз калкы, мамлекетибизде, тарыхта биринчи жолу таза шайлоо өтүп, татыктуу президентти шайлап алдык. Ажобуз ак иштейм деп мамлекеттик кызматтарды оптимизация жасоо жолунда турат. Ошону менен бирге финансы полициясы ИИМге кошулуусу мүмкүн деген сөздөр пайда болду. Эгерде финансы полициясын милицияга кошуп койсо туура эмес болуп калчудай, себеби финансы полициясы бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын ичинен жалгыз гана өзүн өзү актаган кызмат. Андан сырткары финансы полициясы өз жумушунда эч бир башка кызматты кайталабайт. Финансы полициясы өз алдынча кызмат болушу зарыл. Башка кызматка кошуп койсо милициянын ичинде болуп жаткан кылмыштар билинбей, ичинде кала берүү коркунучу пайда болууда. Анткени "карга карганын көзүн чукубайт" дегендей, көп кылмыштар көмүскөдө калып калышы мүмкүн. Урматтуу Садыр Нургожоевич, өлкө боюнча финансы полициясында 300 кызматкер болсо да коррупция менен күрөшүүдө, мамлекеттин бюджетин толуктоодо финансы полициясынын салымы аябай чоң. Мамлекетибиздин келечеги чечиле турган чоң кадамдардын алдында турганыбызда финансы полициясын туура колдонуп, келечекке чоң салымыңызды кошосуз деп ишенем!", - деди окурман.
"
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.