ЭЛДИК ВИДЕО: Кадамжайдагы башы бар, аягы жок зээн кейиткен жол. "Андан өтөм деп, 2 кыздын буту жанчылып калды" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Кадамжай районунун жашоочусу кайрылды. Ал аталган аймактагы жол көйгөйүн айтып, айласыз акыбалга келген жолдун видеосун салып жиберген.
"Зээниң кейийт. Кадамжайда видеодо тартылган жол кырсык болуптур. Анда 2 кыздын буту эзилип, жанчылып калыптыр. Бул ошол кырсык болгон жол. Башы бар, аягы жок, атайын жасап койгон сыяктуу кандуу жол. Оңдоп коюшар десек, жыйынтык болбоптур. Биз Москвадан барып, Кадамжайда жүрүп келдик.
Ошол жактан деле бирөө жарым карап, оңдоп койбоптур. Кудай билет качан бул абалга келгенин, качантан бери ушинтип турганын. Бизде бир жердин оңдолушу үчүн сөзсүз эле адам өлүш керекпи же кырсык болуш керекпи?", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alia82
2021-02-04 15:15:20
Тооба кылдым кыргыздар ушунчалык шалаакы , кайдыгер болобузбу, бул не деген жол эми
+4
Azat-123
2021-02-04 20:02:13
Эмне дешимди да билбейм, же жапайы болуп кетбедик, же өнүгүп кетбедик, орусча айтканда не рыба не мясо болуп бүттүк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан