ЭЛДИК КАБАР: Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын көчүрүлүүсүнө соодагерлер каршы (видео)

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну кайрылды. Ал шаарда жайгашкан борбордук базарды мэрия башка жакка көчүрүп жатканын жана буга соодагерлер нааразы экенин төмөнкүчө айтып берди.

"Жалал-Абад шаарынын мэри борбордук базарда иштеп жаткан сатуучуларга башка жакка кетип соода кылышын сунуштады. Ал жер Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу жер болуп, мурда табак завод болуп турган. Мэрия көчкүлө деп жаткан имарат эскилиги жеткен, авариялык абалдагы имарат экен. Бизди соода кылып тиричилигин өткөрүп жаткан карапайым элди, ошол жерге барасыңар деп мажбурлашууда. Борбордук базардын сатуучулары алардын айткандарына каршыбыз. Биздин жаныбызда башка да базар бар.

Аларга силер да барасыңар деп айткан жок. Эмне үчүн дегенде, аларга тили да, тиши да өтпөйт. Мамлекетке муниципалдык жерде келишим менен ижара төгүп, иштеген карапайым элге гана буйрук берип, жакшы иштеп жаткан элди дүрбөлөңгө салып жатат. Базарыбыз талапка жооп берет, ошого карабастан, элди кысып иштетпей жатат. Элдин митингге чыгып, мэрди кетсин деп жатканынын себеби да ушул. Эл иштеп, тиричилигин өткөрүп жаткан жер дагы бир байга керек болуп жатат, үнүбүздү бийлик уксун", - деди аталган базардын соодагери.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан