Бишкекте ээнбаштык кылып, качып кеткен айдоочуга 19 миң сомго чукул айып пул салынды

Бишкекте ээнбаштык кылып, качып кеткен айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, социалдык тармактарда 12-кичи райондо көчөлөрдүн биринде айдоочу ээнбаштык кылып, кайгуул кызматкерлери барган учурда токтобой качып кеткен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын видеосу тараган.

"Аталган унааны кайгуул кызматкерлери издеп таап, 3 протокол толтурулду. Ээнбаштык кылганы үчүн, каршы тилкеге чыккандыгы үчүн жана кызматкерлерге баш ийбегендиги үчүн айдоочуга жалпысынан 18 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле мындай одоно жол эрежелерин бузбоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан