Кочкордо мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында мал уурулук боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-февраль күнү Кочкор РИИБинин кызматкерлери тарабынан райондун аймагында мал уурулугун кесип кылып жүргөн 2 адамдан турган кылмыштуу топ кармалган. Шектүүлөр Кочкор районунун тургундары 1988-жылы туулган Ш.Б. жана 1988-жылы туулган Д.М.

"Аталган фактылар Кочкор РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кармалган кылмышка шектүү адамдар тарабынан жалпы 17 мал уурулук фактысынын бети ачылып, алар тарабынан 24 мал уурдалганы аныкталган. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2021-02-09 09:53:38
Мал уурдаган менен машина уурдаган айабай кобойду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан