SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Ош базарынын" айланасындагы жолдун кейиштүү абалын айтып, даттанды. Ал базарга бара жатып көчөгө көзү түшүп, анын абалын сүрөткө тартып алган.
"Ушул сүрөттөрдү Бишкек мэриясы көрсүн дедим. Анткени бул тротуарларда адамдар суу кечип жүрүшөт. Муну көргөндөр кайдыгер болбойт деп ишенем, журттун саламаттыгы баарынан манилүү эмеспи", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.