Зээн кейийт. Жумуш ордуна чапталып, аны коргогон аялдын видеосу кызуу талкууда

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы "Ош базарынын" ичиндеги мыйзамсыз соода-сатык иштерин тартипке келтирүү иштерин улантып жатканын кабарлаган. Кечээ, 10-февралда мэриянын тийиштүү кызматкерлери базар ичинде мыйзамсыз соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин орундуктарын алышкан. Ал эми соодагерлер орундуктарын алган кызматкерлерге каршы болушкан.

Ага улай эле интернет желелерине жумуш ордун коргогон аял кишинин видеосу тарады. Видеодо ал милиция кызматкерлери анын орундугун алып жатканда каршылык көрсөтүп, орундугуна чапталып, жабышып алганы көрүнөт. Видеодо угулган үндөрдөн аялдын аты Алмакан экенин билүүгө болот. Тасмага тартып жаткан тарап "Алмакан, кое бербе!", "турба, Алмакан" деп аны сүрөп, ошол эле учурда каткырып турушкан.

Видео азыркы тапта колдонуучулар тарабынан кызуу талкууланууда. Кээ бирлери бул окуяны өлкөдөгү жумушсуздук, кризис, жакырчылыктан улам жасалган аргасыз кадам десе, экинчи тарап мэриянын тартипке келтирүү аракетин туура деп эсептейт.

Видеого "Бул күлкү эмес жүрөк ооруйт, балдарын кантип багат байкуш эне, өзү үчүн эмес балдарым деп суукта үшүп, ысыкта күйүп жүрөт да. Эркектер ыржаңдап күлгөндүн ордуна, жардам берсеңер болмок!", - деген пикирин калтырган колдонуучу.

Видеого карата жазылган мындай пикирлер жүздөп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Jacob.
2021-02-11 02:04:30
Мерия иштебей жатат, шаар бардак дешет. Бардак кылгандарды тазалап жатса кой алар нан таап жешет. Элге канткенде жагат озу?
+29
Haanykeim
2021-02-11 06:53:16
Jacob.,тупа туура кошулам
+15
nazira...
2021-02-11 08:35:19
Союз маалындай өзүнчө буларга лавка кылып берсе болбойбу, базардын кире беришине эмес башка жакка. Каалоочулар ошол жерге барып соода кыла берет. Бардак кылса отурган жерлерине жооп берет, и.так эле изборщиктерге берет акча. Буларды да ойлош керек да.
+11
Nina.alex
2021-02-11 10:36:59
nazira...,изборщик
+7
Bolotbek9191
2021-02-11 08:43:06
Мэрия шартты тузуп анан тазалаш керекда ушулар турган жерге байлар магазин салып алышкан анан ал жактын арендасы кымбат айла жок сыртка чыгып сатышатда бала багыш учун же буларга жер беришсин
+8
sabyr86
2021-02-11 08:53:23
Ал байкуш ошону эле канча акчага жасатты дейсинер.
+9
anonymous
2021-02-11 11:17:56
sabyr86,ал байкуш давно ошол жерден квартира алып койгон
+7
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-11 11:21:39
Мейли тазаласын,бирок тазалагандан дагы эркектердин какшыгы менен шылдыны корунду мага.
+6
al-abu-kinesz
2021-02-11 11:52:22
Алмаканды кошо салгыла деп ыржандап аткан уродтун тумшугун талкалай турган экен.
+5
karapayim
2021-02-11 14:37:35
Айнып калган аял экен...
+2
Nursul
2021-02-11 20:20:40
Туура кылышат шаар бардак ошону тазалап порядкалап жатса дагы жакпайт.
+1
anya
2021-02-12 00:52:56
Эне балам деп баласын ойлоп багам деп чыркырайт, чоңдор болсо миллионду жеп майрамдайт, Кыргызстан эч качан өнүкпөйт өмүр бою ушинтип өтөбүз .
-1
Bekmamat
2021-02-15 02:23:10
Мекендештер ар нерсе айта беребиз да Тартип деген болуш Керек. Тура кылып жатышат. Кочодогу соодаларын жок кылышсын. Кыргызстандын борбору болсо Бишкекке барсан орусча айтмакчы деревняга баргандар болосун. Биз качан онугуп особуз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан