Талас. Айыл чарба тармагында ийгиликтерди жаратууда мамлекеттик колдоолор зор таасирин тийгизди

Талас облусундагы айыл чарба тармагында дыйкан чарбаларынын жана фермерлердин ийгиликтерди жаратуусунда мамлекеттик колдоо көрсөтүүлөр өз таасирин тийгизип келүүдө. Алсак, 2012-жылдын ичинде “Фермерлерге жеткиликтүү насыя-2” долбоорунун алкагында “Айыл Банк” акционердик коому тарабынан 432 адамга 36 миллион 464 400 сомдук насыялар берилсе, “РСК Банк” тарабынан 211 адамга 23 миллион 205 000 сомдук жеңилдетилген насыялар берилген. Ошондой эле “Ала-Тоо-Финанс” микрокредиттик агенттиги тарабынан 1864 адамга 53 миллион 937 000 сомдук кредиттер таркатылган. Мындан тышкары облустун фермерлери “Айыл Банк” насыялык линиясы аркылуу 23 трактор алышкан. Дагы 3 тракторду алууга арыздар берилип, документтери даярдалган. Аталган насыяларды төлөө мөөнөтү 6-7 жылга чейин узартылып, үстөгү 6-9 гана пайызды түзүүдө. Учурда ирригациялык түйүндөрдү, сугат каналдарын келерки жазгы талаа иштерине даярдоо боюнча иштер активдүү жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан