ЭЛДИК КАБАР: "Беловодскийдеги поликлиникада бир да ЛОР-врач жок" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Чүй облусунун Москва районунун тургуну жазды. Ал райондук поликлиникада бир да ЛОР-врач жок экенин айтат. Айтымында, аталган кызматта иштеген врачтын кызматтан кеткенине бир айга чукул убакыт болгон, бирок азыркыга чейин анын ордуна башка врач келген эмес.


"Бүгүн апамдын башы ооруганынан Беловодскийдеги поликлиникага келдик эле. Келсек поликлиника боюнча бир да ЛОР-врач жок экен. Сурасак "врач картаң болгондуктан кызматтан кеткен" дешти. Анын кеткенине 1 ай болуп калыптыр, ушунча убакыт өтсө да, кызматкердин ордуна иштеген бир да киши келбептир.

Каттоодо турган аял жеке врач-сурдологго жиберип жатат. Эми ал жактагы кезектин көптүгүн айтпай эле коёюн. Болгондо да ал жер ишемби күнү иштебейт экен. Айтарым эл ар бир катталып кирүүгө 350 сом төлөй бергидей капчыгы калың эмес. Кантип эле райондук ооруканага бир ЛОР-врач таба алышпайт, буга таңмын", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pchelka85
2021-02-13 18:11:06
Ии Беловодскинин поликлиникасы вечно эле ушундай. 2-3 ай мурун невропотологу отпускага кетип тоже 1 ай невропотолог жок. Зам.главврач Белоглазова озу эле Карапуздагы платный невропотологго жиберип аткан...
0
Jibakana
2021-02-13 19:16:00
Эми врачтар жетишсиз болсо кайдан табышат ойлонолучу ушу жагын да сразу жамандабасиан
+1
Pchelka85
2021-02-13 20:56:22
Jibakana,просто айлыктарын которуш керее.. я не удивлюсь еслт Лор дун айлыгын бироо плып лор бар деп эсептелип журсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан