SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына 20 жаштагы Арген Турдали уулу кайрылды.
Ал Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Шаңкол айылынын жашоочусу. Арген жаш экенине карабай, айылдагы суу маселесине кайдыгер эмес. Ал ушул көйгөй көптөн бери анын көөдөнүн өйүп жүргөнүн айтат.
Мындан улам ал аталган айылдын суусун чакан видеого тартып жиберген.
"Өлкөдөгү эң негизги маселе бул таза суу маселеси. Негизи ушул убакытка чейин дээрлик ар бир үй-бүлөдө таза суу болушу керек эле.
Таза суу долбоорунун алкагында да айылдарга таза суу жеткен эмес. Бул жерде да коррупциялык иш болуп, айылдарга таза суу киргизүү ишке ашкан эмес", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.