SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кайрагач айылынын жашоочусу кайрылды. Ал Кыргыз тараптагы жерге кошуна тарап кирип келип, май куюучу жай курууга каршы болуп жатканын айтат. Айтымында, бүгүн, 19-февралда Тажик тарап курулуш иштери жүрүп жатканда кирип келип, жүрүп жаткан жумушка тоскоолдук жараткан.
"Азыркы тапта биздин аймакта абал туруктуу. Бирок алар биздин өзүбүздүн жерге да май куюучу жай салуубузга тоскоолдук жаратып жатат",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.