Эртең Бишкекте “Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүү” деп аталган улуттук конференция өз ишин баштайт. Конференция КРнын Экономика министрлиги жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнес жана инвестиция боюнча Кеңештин катчылыгы менен биргеликте уюштурулуп жатат. Иш-чарада КРнын Өкмөтүнүн экономикалык программасы талкууланат. Талкууга биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө.