Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Казакстандын Чымкент шаарында 7-13-октябрь аралыгында өтүп жаткан Эл аралык мелдеште жупта ойноодо орусиялык Фёдор Червяков менен бирге жарым финалда утулуп калды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет. Анда Данияр Дулдаев менен Фёдор Червяков украиналык Иван Аниканов менен орусиялык Андрей Плотныйга каршы оюн өткөрүп, 3:6, 7:5, 10:6 эсебинде жеңилди. Ошондой эле Данияр мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө чейрек финалга чыгып, бирок анда да Иван Аниканов менен кез келип, 6:2, 6:3 эсебинде утулууга мажбур болду.