Асылбек Жээнбеков: "Мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибиз өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн өздөрүнүн колдорунан келген салымдарын кошуп келишүүдө"

Бүгүн ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков 3-декабрь - Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды куттуктады. "Кыргызстанда 121 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибиз катардан калышпай, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн өздөрүнүн колдорунан келген салымдарын кошуп келишүүдө. Алардын арасында эмгеги менен эл оозуна алынган азаматтардын, коомдук, мамлекеттик ишмерлердин бар экени айрыкча кубанычтуу, ары сыймыктуу. Биздин мамлекетибиз тең укуктун жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү катары сыпатталар мезгил да алыс эмес экенине өзгөчө ишеним арткым келет. Ошондуктан, кандай шартта болбосун бийик максаттуу, терең маңыздуу өмүр сүрүү, элге кызмат кылуу ар бирибиздин адамдык да, жарандык да милдетибиз болуп калуусу абзел. Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Сиздерге бийик атуулдук ариет, жакшылыкка болгон терең ишеним, жарык маанай жана албан ийгиликтерди каалайм!",- деп жазылат Төраганын куттуктоо текстинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан