Акыркы 5 жылдын ичинде жаш балдардын өлүмү боюнча көрсөткүч төмөндөөдө

2004-жылдан бери Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун критерийи боюнча, төрөлгөн ымыркайларды эсептеп, каттоого өткөн. Буга байланыштуу 2004-жылдан тарта жаш балдардын өлүмү боюнча көрсөткүч жогорулап, 100 тирүү төрөлгөн ымыркайга 30га чукулу туура келген. 2007-жылы ушул эле көрсөткүч 35,3кө жеткен болчу. Бирок 2008-жылдан баштап көрсөткүчтүн деңгээли 27,1ди, 2011-жылы 21,1ди түзүп, жыл сайын төмөндөп келет. Бул тууралуу кабарлаган Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, 4-6-декабрь күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү II Эл аралык форумга Кыргызстандан Энени жана жаш баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев баштаган 19 киши катышат. Форум "Жугуштуу оорулардан жаш баланын өлүмүн азайтуунун жолдору: орусиялык тажрыйба" деп аталат. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызстандык медиктер да өлкө ичиндеги жаш баланын өлүмүнө байланыштуу кырдаал тууралуу доклад окушмакчы. 2012-жылы жүргүзүлгөн Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарынын жетишкендиктерин көзөмөлдөө боюнча кырдаалга баа берүүгө ылайык, Кыргызстан 75 өлкөнүн ичинен алдынкы 15ине кирген. Алар 2015-жылга карата жаш баланын өлүмүн 65 пайызга чейин кыскартуу максатына жетишүү жолунда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан