1-декабрь күнү Жалал-Абадда ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу акциясы өттү. Иш-чарага студенттер, шаар тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жалал-Абад облусунда 2012-жылдын тогуз айында ВИЧ-СПИДге чалдыккандардын саны 91ге жеткен. Учурда облуста ВИЧ-СПИДге чалдыккан 479 атуул каттоодо турат. Буга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында 1-ноябрдан 1-декабрга чейинки бир айлык мөөнөткө ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу акциясы жүргүзүлгөн.