"Кыргыз жаштарына айтарым, кыялданалы, үмүтүбүздү эч качан өчүрбөйлү" дейт Түркияда докторантурада билим алып жаткан Жеңишбек Элболдуев (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

SUPER.KG порталынын бул жолку каарманы Түркия мамлекетинин Конья шаарындагы Неджметтин Эрбакан университетинде мамлекеттик башкаруу жана саясат таануу багытында докторантурада билим атып жаткан Жеңишбек Элболдуев Түркиядагы окуусу тууралуу айтып берди.

- Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз? Түркияга кандайча барып билим алып калдыңыз?

- Азыркы учурда Түркия мамлекетинде докторантурада билим алып жатам. Өзүм Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылынын кулуну болом. Түркияга 2019-жылдын октябрь айында келгем. Бул жакка келип калуумдун себеби өзүм ОшМУнун теология факультетин 2011-жылы аяктагам, андан соң КРнын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча магистратураны 2015-жылы бүтүргөм. Андан кийин билимимди жогорулатуу максатында эл аралык университеттерди карай баштадым. "Түркия стипендиялары" деген долбоор менен бул жакка студенттерди магистратура, докторантура баскычтарына окутат экен. Алгач 2018-жылы тапшырып көргөм. Бирок ал жылы өтө албай калдым. 2019-жылы кайра тапшырганымда өтүп кеттим. Ошондон бери бул жакта окуп жүрөм.

- Докторантурада окуу кыйын эмеспи?

- Ар бир иштин өзүнө жараша кыйынчылыгы болот. Докторантурада окуу негизи аракет кылып окуса татаал деле эмес, бирок ошол эле мезгилде мен үй-бүлөлүү, үч балам болгондуктан да бул жакта бир аз кыйын болуп калат экен. Ошондой болсо да аракет кылып эң жогорку бааларга окуганга аракет кылып жүрөм. Азыр төртүнчү семестрди окуп жатам, аны бүткөн соң илимий изилдөө иштерине өтөм. Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу багытында доктордук диссертациямдын үстүнөн иштейин деп жатам.

Түркия мамлекети - Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүк алганда эң алгачкы тааныган биздин боордош өлкө. Бул жерде кыргыздарга бир туугандай мамиле кылышат. Бул жакта мен коомдук иштерге активдүү катышып турууга аракет кылам. Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси биз менен тыгыз иш алып барат. Ар бир шаарда кыргыз студенттеринин уюму түзүлгөн.

- Түркия жана пандемия...

- Түркия пандемия менен күрөшүүдө эң ийгиликтүү күрөшкөн мамлекеттердин катарына кирди. Ага мисал катары элине камкордугу социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө атайын ай сайын мамлекеттик бюджеттен материалдык жардам көрсөтүлдү. Андан сырткары өндүрүшкө карантин киргизишкен жок. Биз чет өлкөлүк болсок да унутта калтырбай кабар алып турушту. Андан сырткары онлайн сабак берүү дагы өтө сонун жолго коюлду. Мамлекет тарабынан ар бир окуучуга ай сайын интернет бөлүп берди. Менин дагы чоң уулум башталгыч класста окуйт. Ага дагы интернет бөлүп берип, мэрия тарабынан планшет берилди.

- Көп кызыктуу күндөр башыңыздан өтүп жатса керек?

- Докторантурада окуп баштаганымдан бери кызыктуу күндөрүм көп болуп жатат. Мен үчүн кайрадан студенттик күндөр башталды. Менин группамда Кореядан, Араб өлкөлөрүнөн, Чаддан жана башка өлкөлөрдөн келген студенттер чогулганбыз. Бири-бирибиз менен пикир алышканда көбүнчө сөздөрдөн айырмачылык болуп күлкүлүү окуяларга туш болобуз. Мисалы, түркчөдө казак деп жемпирди айтат. А биз казак улутун айтабыз. Казак бересиңби десе, жок кыргызбыз деген учурлар болду.

- Жаштарга кеңешиңиз...

- Кыргыз жаштарына айтарым, кыялданалы, үмүтүбүздү эч качан өчүрбөйлү. Кудай буюрса, өнүккөн мамлекетти куруу жаштардын колунда. Ар дайым эмгектенишибиз керек. Мен дайыма окуучуларыма "биринчи чынчыл, адилеттүү, калыс болгула" деп айтчумун. Эгер ошондой болсоңор коомдон ордуңарды табасыңар. Анткени андай адам коомчулуктун сый-урматына татыктуу болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Haanykeim
2021-03-24 15:56:10
Азаматсыз..Ийгилик.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан