Унгар-Тоо аймагындагы мамлекеттик чек ара боюнча кыргыз тараптын жетишкендиктерине азырынча жетишерлик баа бериле элек

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов тармактык комитеттин жакынкы арадагы күн тартибине мамлекеттик чек ара боюнча маселенин киргени тууралуу пикирин билдирип жатып, өкмөт Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 3-апрелиндеги токтомунун жана комитеттин чечимдеринин негизги пункттарын аткарбай жатканын билдирди.

Алар аткарылса тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө кыргыз тараптын позициялары жакшырмак. И.Пирматов Ташкентке болгон иш сапардын жыйынтыктары тууралуу пикирин билдирип жатып Унгар-Тоо аймагы боюнча жетишкендиктердин маанилүүлүгүн белгиледи.

"Көп жылдан бери бул маселе өлкөдөгү саясатчылар үчүн саясий упай топтоо куралы болуп калган, себеби Аксы районундагы бул тоо стратегиялык мааниге ээ болуп келген. Анын чокусунан Кербен шаары алаканга салгандай көрүнөт. Ошондуктан эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын делимитациялоодо өзбек тараптын Унгар-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендиги – кыргыз тарап үчүн чоң ийгилик. Бул аймак такталгандан кийин тактала элек тогуз аймактан эң татаалы Ала-Бука районундагы Гавасай (19 200 га) жана Көк-Серек (100 га) аймактары гана калат. Эки өлкөнүн президенттери өкмөттөр аралык комиссиянын ишине 3 ай деген мөөнөт берип, так убакытты белгилешкени чоң мааниге ээ. Ал эми чек арага байланышкан маселенин маанилүүлүгү тууралуу айтсам: тилекке каршы, шаардыктар жана чек арадан алыс жашагандар такталбаган аймактарда жашап, көптөгөн жылдар бою чек араны баатырларча коргоп келген жарандарыбыздын абалын түшүнүү кыйын.

Улуттук коопсуздук мааниге ээ маселелер биринчи орунга чыгып жатканы – факт жана бул кубандырбай койбойт”.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhazgul98
2021-03-23 17:07:53
Баардык чек ара чыр-чатактары өч алуу, баскынчылык жана өч алуусуз чечилиши керек.
+1
Ajo_N
2021-03-23 17:38:32
Үңкүр-Тоо эле болуп келдиле (унгар-тоо) болуп качан өзгөрүп калды?
+6
Jaraisyn
2021-03-23 21:14:07
Үңкүр тоо деп эле атагыла айланайын кыргызым
+3
BarsBaatyr
2021-03-24 17:41:37
Кайсы жетишкендик?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан