Меган Маркл өзүнүн эң ишенимдүү агентин кызматтан алды

Меган Маркл өзүнүн туруктуу жана ишенимдүү агенти Ник Коллинзди кызматтан алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Коллинз Маркл "Форс-мажор" сериалына тартылып жаткан убактан бери иштешип келген. Ал тургай актрисалык карьерасын жыйынтыктап, ханзаада Гарри менен баш кошкондон кийин да байланышын үзгөн эмес. Булактардын маалыматына караганда, Меган Маркл "Netflix" жана "Spotify" менен келишим түзгөндөн кийин Коллинздин кызматын колдонбойт. Бирок Коллинз Меган Марклдын консультанты жана жакшы санаалашы катары байланышууну уланта бермекчи.

"Ник Коллинз бир канча жылдан бери Маркл менен Гарринин ишенимдүү жана жакшы санаалашы болуп келген. Маркл жакынкы аралыкта актриса катары кайтып келүүгө ниети жок болгондуктан, Коллинздин кызматына муктаждыгы жок болсо керек", - деп жазылган булактардын биринде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан