Балыкчы шаарында узак талаш-тартыштан кийин депутаттар шаардык Маданият үйүнө Эсен Думанаевдин ысымын ыйгаруу чечимин кабыл алышты. Белгилей кетсек, Э.Думанаев Кыргыз Республикасына гана эмес, Орусияга чейин таанымал актёр, ырчы болгон. Рыбачье шаардык элдик театрын түптөгөн да дал ушул инсан. Анын жакындарынын айтымында, өмүрүнүн акыркы күндөрү шаардык маданият мекемесинин жетекчилиги тарабынан ыксыз асылууларга дуушар болгон. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Давлетов маалымдады.