Өткөн суткада өлкө боюнча 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн бизге ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Чүй облусуна караштуу Шопоков шаарында жайгашкан "Кыргызавтомаш" АКсында кечээ өрт чыкты. Жыйынтыгында ишкананын 16 чарчы метр аянты күйүп кеткен.