КМШнын мамлекет башчыларынын жыйынында Кыргызстандын делегациясын Жоомарт Оторбаев жетектейт

Жоомарт Оторбаев КМШнын мамлекет башчыларынын жыйынында Кыргызстандын делегациясын жетектейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди. Анын айтымында, бүгүн Ашхабад шаарында КМШ мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны болуп өтөт. Ага Кыргызстандан КРнын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев, ТИМдин жетекчиси Эрлан Абдылдаев өкүл болуп барышат. Бишкекте ШКУнун кеңеши өтүп жаткандыгына байланыштуу Ашхабадга Алмазбек Атамбаевдин ордуна кыргыз делегациясын жетектеп Жоомарт Оторбаев бармакчы. Жыйында аймактык кызматташуу, экономика жана коопсуздукту камсыз кылуу багыттарында бир нече маселелер каралмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан