Бүгүн Бишкек шаарында ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталат. Жыйынга 4-5-декабрь күндөрү жалпысынан 10 мамлекет катышарын ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга Орусиянын, Тажикстандын, Казакстандын жана Моңголиянын өкмөт башчылары, Өзбекстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары, Ирандын вице-президенти, Индиянын Тышкы иштер министринин орун басары, Ооганстандын вице-президенти жана Пакистандын Маалымат министринин катышуусу күтүлүүдө.