Жалал-Абад облустук прокуратурасы Базар-Коргон РИИБинин 9-класстын окуучусуна карата жасаган мыйзамсыз аракеттерин ачыкка чыгарды

Жалал-Абад облустук прокуратурасы 28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү мыйзамсыз камакка алуу, кыйноо фактыларын изилдөө үчүн текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу бизге Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн маалымдады. Текшерүүнүн жыйынтыгында камакка алынгандарды кыйноо тууралуу фактылар табылган эмес. Бирок Базар-Коргон райондук ИИБинде 1997-жылы туулган М.К. 4 сааттан ашык мыйзамсыз кармалганы анык болгон. Уурдоо фактысы боюнча шектелген 9-класстын окуучусуна эч кандай тиешелүү протокол түзүлбөй, колуна кишен кийгизип коюшкан. Мындай мыйзам бузуулар үчүн облустук прокуратура Жалал-Абад облустук ИИББдин жетекчисине эскертүү берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан