Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. ӨКМнын маалыматына ылайык, кар көчкү аталган унаа жолдун 75-90-чакырымында катталып, унаалар үчүн жол убактылуу жабылды.