Талас. Талас облусунун жашоочулары Апрель революциясынын катышуучулары катары мыйзамдуу түрдө каттоону талап кылышып Ак үйдүн жанына митингге чогулушту

Бүгүн эртең менен Ак үйдүн алдына Талас облусунун 30дай жашоочусу чогулуп пикет уюштурушту. Алар өздөрүн 2010-жылдагы Апрель революциясынын катышуучулары катары мыйзамдуу түрдө каттоону талап кылышууда. Талас шаарынын революциялык комитетинин мүчөсү Соотбек Токтогазиев: “Апрель революциясы Таластан башталгандыгын баарыбыз билебиз. Бизди президент, премьер-министр жана ЖКнын төрагасы кабыл алуусун талап кылабыз”,- дейт. “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин лидери Осунбек Жамансариевдин айтымында, бул боюнча мыйзам кабыл алынган. “Кимде-ким ошол революциядан жабыр тарткан болсо, аларга атайын жеңилдиктер каралып, батирлер берилген. Мындан тышкары кээ бир үй-бүлөлөрдүн балдарына 1 миллион сомдон акча бөлүнгөн. Бул тизмеге ошол эле Талас жана Нарын облусунун жашоочулары да кирген. Азыркы болуп жаткан митингдин себеби мага белгисиз. Ал провокация да болушу мүмкүн”,- деп билдирди О.Жамансариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан