Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычы коңшу Өзбекстанга берилбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 25-апрелде Өзгөн эли менен жолугушуу учурунда айтты.
"Биз силер шайлаган, силер алып келген бийликпиз. Асмандан түшкөн бийлик эмеспиз. Ошондуктан элдин талабы, элдин бүгүнкү күндөгү суроосу биз үчүн эң негизги талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби? Кемпир-Абадды бербейбиз болду. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары мен макул болдум. Кемпир-Абад ушул бойдон калат", - деди Ташиев.
Мындан тышкары Камчыбек Ташиев коңшу Өзбекстандын делегациясы май айында Ош шаарына келе тургандыгын айтты.