Лицензияларды мыйзамдуу түрдө эл аралык компанияларга сатуу – бул мамлекетке чыккынчылык кылуубу?

Мен Кубатбек Койчуманов Жогорку Кеңештин кезектеги отурумун көргөндөн кийинки ой-толгоом менен бөлүшүп коюуну чечтим. Бизди бала-чагыбыздан Кыргызстандын уникалдуу өлкө деп ишендирип келишкен. Чоңойгондон кийин анын чын эле уникалдуу экенине ишендим. Дагы кайсы өлкөдө жаңылыктардын түрмөгү – цирктин программасындай? Болгону ал күлдүрбөйт, тескерисинче, депрессияга алып барат. Жаңылыктар түрмөгүндөгү Жогорку Кеңештин отурумундагы маалыматтар - эң негизги окуялар.

Жакында, 20-апрелде парламенттин имаратында Башкы прокурор Курманкул Зулушев сөз сүйлөдү. Баары ойдогудай келе жаткан, бирок сөздү кокусунан эл өкүлү Зарылбек Рысалиев алды. Аны “Кен казуучу жайларды иштетүүгө лицензияларды чет өлкөлүк компанияларга берген чиновниктер кылмыш жоопкерчилигине тартылабы?” деген суроо кызыктырган.

“Көбүнчө алтындарыбыз Терек-Сай, Жер-Үй, Кумтөр, Солтон-Сары, Бозумчак, Талды-Булак кен казуу жайларында казылат. Ал жакта чет өлкөлүк компаниялар иштешет. Кечээ бийликте туруп, бул кен казуу жайларын белекке бергендер мамлекетке кылган чыккынчылыгы үчүн жоопко тартылабы?” – деп сурады.

Мына сага! Ошондо миллион долларларга лицензияларды мыйзамдуу түрдө эл аралык компанияларга сатуу – бул мамлекетке чыккынчылык кылуубу. Мындай иш-аракеттер дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жүргүзүлөт, бирок бизде гана лицензияны сатуу үчүн жоопкерчиликке тартуу сунуш кылынат. Болбосо, чет өлкөлүк ишканалар кыргыз казынасына миллиарддаган сомду төгүп келишет.

Албетте, депутат Рысалиевдин божомолуна жооп кайтарылган жок. УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасыдыков мамлекетке чыккынчылык үчүн айыптоого далилдер керек деди.

Зарылбек Рысалиевдин мотивин дагы түшүнүүгө болот: күзүндө парламенттик шайлоо өтөт, ал эми учурдагы депутаттардын кадырын баарыбыз билебиз. Мындай абалда ким туулган жеринин кен-байлыгын жана улуттук кызыкчылыктарды коргоону каалабасын?

Бирок депутат анын ойлонбой айтылган сөзүн чет өлкөлүк инвесторлор дагы угарын эске алган жок. Муну уккандан кийин, оюндун эрежеси чагылгандай алмашкан мамлекетке эч ким акча жумшагысы келбейт.

Ал эми экономиканын абалы азыр туңгуюкка кептелди. Өткөн жылы түздөн-түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү ансыз деле 55,6 пайызга кыскарып, болгону 477,6 млн долларды түздү. Бирок каражаттын чыгуусу 20 пайызга жогорулады. Бир жыл ичинде өлкөдөн 808 миллион доллар чыгарылган. Бул расмий гана цифралар! Айрым ири инвесторлор жөн эле республикадан чыгып кетишти.

2021-жылы абал жакшырган жок. Мисалы, алгачкы үч айда өнөр жай өндүрүшүнүн продукциясынын көлөмү андан дагы азайды – өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн 21 пайызга аз. Пайдалуу кендерди казып алуу андан дагы аз – 34 пайызга төмөндөдү.

Бийлик башка өлкөлөрдөн бюджеттин кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн башка мамлекеттерден карыз алууга туура келип жатат. Өлкөнүн тышкы карызы тарыхый рекорд коёруна аз калды.

Албетте, бийлик абалды куткарууга аракет кылып жатат. Апрелдин башында Экономика министрлигинде жыйын өткөрүлүп, анда ишкерлерге жана инвесторлорго кантип колдоо көрсөтүү талкууланды. Жыйында акыркы жылдары Кыргызстандагы бизнеске мамлекеттик органдар тарабынан кысым көрсөтүү күчөгөнүн, ал эми соттор ар дайым ишкерлерге каршы чечим чыгарганын моюнга алышты.

Болбосо, абал ар дайым мындай эмес болчу. 2016-жылы Кыргызстан тоо кен казуучу өлкөлөрдүн арасында лицензия берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча дүйнөдө алтынчы орунду алган. Азыркы учурда бул рейтингдин акырынан орун алып, бул маселе боюнча жакынкы убакта эч кандай жакшыруу дагы байкалбайт.

Өзүңүздү “Кумтөр” кен казуучу жайын иштетүү менен алектенген “Центерранын” топ-менеджеринин ордуна коюп көрүңүз. Ал таңкы кофесин ичип, жаңылыктарды көрүп отурат жана Кыргызстандын парламентинин билдирүүсүнө күбө болду. Анда олуттуу адам, депутат, милициянын генерал-майору “Центеррага” кенди иштеп чыгуу үчүн лицензия берген чиновникти жоопко тартууга чакырып жатат.

Кандай ойлойсуз, “Центерранын” топ-менеджери өндүрүшкө дагы миллиондогон долларды жумшоону каалайбы? Алтын казуу – бул ар дайым инвестиция. Мисалы, 2021-жылы Кумтөрдөгү өндүрүштү сактоого сарпталган капиталдык чыгымдар 55-56 миллион долларды түзөт. Буга оңдоо иштери, жабдыктарды сатып алуу жана түрдүү долбоорлор кирет. Мунун баары өндүрүштү жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Мында жөнөкөй логика бар: инвестиция канчалык көп болсо, өндүрүш көбөйөт жана бул казынага түшкөн салыкты көбөйтөт.

Бирок айрым саясатчылар бүтүндөй өлкөнүн жыргалчылыгына караганда өзү үчүн бир мүнөттүк пайданы жогору коюшту. Шайлоо жакындап калганда эскирген ооруканалар, толуп-ташкан мектептер жана бюджеттин жетишсиздигинин башка симптомдору менен кимдин иши болсун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан