Талас. Облуста ВИЧ илдетине кабылгандардын саны такталды

Таласта 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясы менен ооруган адамдардын саны такталды. Алынган маалыматтарга таянсак, 44 адамда  ВИЧ инфекциясы бар деп табылган. Анын ичинен 1-14 жашка чейин 2 бала, 20-30 жашка чейин 11, 30-40 жашка чейин 22 жана 40 жаштан өйдө 9 адам катталган. Алардын 12си чет өлкөдө, 13 абакта, ал эми 16 адам облуста жашаган жарандар. Талас облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Базарбай Ниязалиевдин айтымында, ВИЧ инфекциясы менен өткөн жылы 10 адам ооруган болсо, быйыл акыркы 10 айдын ичинде ага 14 адам кабылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан