Бүгүн Жантөрө Сатыбалдиев Иран Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад-Реза Рахим менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Жолугушуу ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өттү. Эки тарап өлкө аралык соода-экономика, маданият, илим-техника жаатында кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиев Иран өлкөсүнө Ош шаарында спорт-комплексин курууга 1 миллион доллар грант бөлүп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.