Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип жаткан Азамат Дыйканбаев эки айга камакка алынды

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Азамат Дыйканбаев эки айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, Азамат Дыйканбаев 20-июлга чейин камакка алынган.

Кечээ, 20-майда УКМК өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев кармалгандыгын маалымдаган. Кийинчерээк Дыйканбаевдин ордуна президенттин жарлыгы менен Дастан Догоев дайындалганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alfiya
2021-05-21 09:34:32
Келип келе элек эле пара алып жаш эле бала
+3
zam81
2021-05-21 09:57:11
Бул байкуш бир болугун алдыда чын алганы кармалбайт бизде
-3
NURSAPAR
2021-05-21 10:25:40
Атаны катыгүн айяяяя. Кечээ эле келип бүгүн кармалдыбы?
+6
Zumrudianka
2021-05-21 11:10:31
Ай байкуш корбогондун коргону курусун тупой
+3
Aimani
2021-05-21 12:34:47
Ким билет.балким подстава.Жаш эле бала экен.бироого орду керек болушу мумкун.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан