ЭЛДИК КАБАР: "Чоң-Алайдын Кара-Тейит айылында Дүйшөмбүдөн келген Тажик жарандары алты күндөн бери жүрүшүптүр" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Тейит айылынын тургуну кайрылды. Анда ал айылда Тажик жарандары документи жок 6 күндөн бери жүргөндүгүн айтат.

"Биздин айылда Дүйшөмбү шаарынан келген Тажик жарандары алты күндөн бери жүрүшүптүр. Жанында эч кандай документтери жок. Биздин укук коргоо органдары, чек ара кызматы кайсы жакты карап жатышат? Ушуларды карабайбы деген суроо жаралууда", - деп кайрылды окурман.

Ошондой эле айыл эли Тажик жарандарын Чек ара кызматына өткөрүп беришкенин кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_I
2021-05-28 03:46:50
Разведка кылып жатышат. Алар дубанага окшоп келгени менен разведка кылып жүрөт. Срочно жок кылыш керек аларды.
+18
Milduri
2021-05-28 09:42:02
Эмнеге Дүйшөмбү деп жазасыңар түшүнбөйм Душанбе го биздин борбор шаарды да башкалар Бүскөк деп жазышабы анда
-5
aksy.kg
2021-05-29 03:24:28
Milduri,сен душанбе деп окуп кой да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан