“Өмүрбек Бабанов далили жок, мыйзамсыз камакка алынды! Ага колдоо көрсөткөндөр кимдер?”

Өмүрбек Бабановду камакка алуу мыйзамсыз жана ага тагылып жаткан айыптар негизсиз!”. Мындай пикирлерди Талас облусунун үч миңден ашуун тургуну аны камактан чыгаруу талабы менен митингге чыкканда айтып жатышты.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кармалып, УКМКнын абагына камалышы коомчулукта катуу реакция жаратты. Анын саясий атаандаштары да Бабанов “Кумтөргө” байланыштуу өзүнүн иш-аракеттери менен Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп келгендигин моюнга алышат. Андыктан аны “Кумтөр” ишине байланыштыруунун жана камакка алуунун акылга сыйбай тургандыгын айткандар бар.

Өмүрбек Бабановду камакка алуунун бейрасмий себептеринин бири – 2012-жылы ал эл өкүлдөрүн “Кумтөр” боюнча депутаттык комиссиянын сунушуна каршы добуш берген деп айтылууда. Бул чындыкка такыр коошпой турганын төмөнкү саясатчылар жана Бабанов өзү белгилеп айтып берди.

Өмүрбек Бабанов өзү бул тууралуу Кыргызстандын элине болгон кайрылуусунда:

“Керек болсо Жогорку Кеңештеги партиялаштарым да “Кумтөр” боюнча комиссиянын корутундусуна өз көз караштарына жараша добуш беришкен. Ушунун өзү фракциядагы үзөңгүлөш депутаттар да чечимди жеке өздөрү кабыл алган дегенди далилдеп турбайбы?! Кийин парламентке Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн өздөштүрүү тууралуу мыйзамды алып келишкенде жеке мен жана биздин фракция каршы добуш бергенбиз. Бул менин Центеррага системдүү түрдө каршы чыгып жүргөнүмдүн дагы бир далили. Мага 2012-жылдын акырына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк бербей коюшканы өтө өкүнүчтүү – биз Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн сөзсүз түрдө 70 пайызга жеткирип, Кыргызстан өзү Кумтөрдү башкарып калмак!

2010-2012-жылдары парламент тарыхта өз алдынча жана өкмөттөн көз каранды эмес орган катары калды! Жогорку Кеңеш мени жана менин өкмөтүмдү кандай катуу сындаганы эсиңиздерде бардыр? Бизди отставкага кетирүүгө аракет кылып, ишеним көрсөтпөө жарыялашкан. Жыйынтыгында, алар максатына жетип, коалицияны ыдыратып, мен 31-августта отставкага кеттим", - дейт.

Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин депутаттарына басым жасабаганын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков да тастыктайт.

”Кумтөргө” 16 миң гектар жер берилген деген факты ачыкка чыкканда экологияга келтириле турган зыян жана айыл-чарба багытындагы жерлерди жоготуу коркунучу турганы маалым болду. Депутаттардын көбү ал жерди берүүгө каршы чыгышты. Ошондо Өмүрбек Токтогулович коркпостон бизди колдоп берди, биз ага ыраазыбыз”, - деди Исаков.

Өз кайрылуусунда Өмүрбек Бабанов төмөнкүлөрдү жазган:

«Мен Кумтөргө барганымда мамлекеттик комиссиянын суроолоруна жоопту жана зарыл документтерди 1-2 күндөн кечиктирбей берип тургула деп жетекчилигине так кесе айткам (интернетте видеолор бар). Андан тышкары, мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү жагын карайбыз дегем. Мен мамлекеттик комиссиянын ишине, тескерисинче, жардам берген болуп жатпаймынбы? Бул далил эмеспи?"

Саясатчы, Кыргызстан коммунисттеринин лидери Исхак Масалиев Бабановдун “Кумтөр” боюнча позициясы ар дайым бир жактуу болчу дейт:

"Лысый менен Давыдов мөңгүлөрү боюнча мен каршы добуш берген аз адамдын бири болгом, “Республика” фракциясынын депутаттарынан да, анын ичинде Бабановдун да каршы добуш беришкени эсимде. Ошондуктан Бабановду камакка алуунун себеби башкада деп ойлойм. Ушунун баарын эске алганда, Өмүрбек Бабановго каршы кылмыш ишинин келечеги жок деп эсептейм", - деди Масалиев.

Өз кайрылуусунда Бабанов баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сот отурумунун жүрүшү боюнча да жазган:

"Мен жактоочуларым менен соттук териштирүүгө журналисттерди киргизүүнү абдан сурандык. Эгер мен корко турган нерсе болсо, журналисттерди киргизгиле деп суранат белем? Сот бул өтүнүчүбүздү орундатпай, залда аудио-видео жазуу жүргүзүлөт, аны кийин алсаңар болот деген. Тилекке каршы, менин жактоочуларым расмий түрдө өтүнүч кылганы менен, сот техникалык себептерден улам жазылбай калыптыр деп видеону берүүдөн баш тартты. Судья эмнеге алдайт? Себеби, видеожазуудан соттогу абсурддук кырдаалды бардыгы көрө алышмак. Тергөөчү менен прокурор бир да суроого жооп бере албай башын жерге салып турушту.

Анткени алар бир нерсени билишкен, мага коюлуп жаткан айып эч нерсеге жарабаган, акылга сыйбаган айыптоо! Жана мени жөн эле соттоп жатышат!"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бабанов кайсы негизде камакка алынганы боюнча конкреттүү маалымат айтылбаганы эл арасында ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратат дейт.

"Алардын реалдуу материалдары болсо, баарын чыгара алышпаса да бир аз ачыкташ керек эле. Бабанов боюнча “жемкорлук” деген жалпы сөз менен чектелбей, күнөөсү эмнеде, конкреттүү айткыла да! Мындай маанилүү маселеде жүйөлүү негиздер болушу керек", - деди Бекешев.

Бабанов кайрылуусунда:

“1.Ким Кумтөрдөн 16 миң 300 гектар жерди мамлекетке кайтарды?

  1. Ким Жогорку Кеңештин чечиминен кийин дароо мамлекеттик комиссия түздү?
  2. Премьер-министрлердин ичинен кимиси “Центерранын” экологиялык кылмыштарын эл алдында ачыктап, келишимди өзгөртүү керек деп ачык айтып чыкты эле?

4. Премьер-министрлердин ичинен кимиси "Кумтөрдү" калктын начар жашаган аялуу катмарына жардам катары 21 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүп берүүгө мажбур кылды эле?

Мени ушул иштерим үчүн соттоп жатабы? Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеп, жерди элге кайтарып, Центерра менен катуу конфликтке барганым үчүн соттолуп жатамбы?» – деп суроо салган Бабанов.

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун айтымында, Бабанов Кумтөр менен өлкөгө зыян алып келген эч кандай стратегиялык келишимдерге кол койгон эмес, Центерранын пайдасы үчүн кандайдыр бир жеңилдетүүлөргө барган эмес.

"Бабанов дагы деле 2017-жылы ага каршы жүргүзүлгөн кара пиардын барымтасында болушу мүмкүн. Аны саясий талаада көргүсү келбеген күчтөр сөзсүз бар, алар бул окуяны күчөтүүгө аракет кылышат. Баса белгилеп айта кетүүчү бир жагдай: Бабанов жетектеген өкмөт коалициялык болгон. Эгер Бабанов тараптан кандайдыр бир олуттуу каржылык мыйзам бузуулар болсо, аны ошол замат ачыкка чыгарышмак. Биз билгенден Өмүрбек Бабанов кызматынан кадр маселелери боюнча бир нече фракциянын лидерлери менен тил табышпай калганы үчүн кеткен. Анын үстүнө, Атамбаевдин аппаратында Бабановдун премьер-министр катары активдүү ишмердүүлүгү президенттин баркын басаңдатып жатат деп эсептешкен", - дейт Шестаков.

"Мен мамлекеттик комиссиянын жетекчиси катары экономика министри Темир Сариевди дайындадым. Эгер кандайдыр бир тоскоолдуктарды жараткым келсе, анда эмнеге күчтүү саясатчы, Апрель революциясынын башында тургандардын бирин дайындайм? Мамлекеттик комиссиянын курамын карап көрүңүздөр, өтө күчтүү адистерден түзүлгөн. Ошол эле Алмамбет Шыкмаматов (учурда Инвестицияларды коргоо министри – ред.), ошол эле белгилүү эколог Калия Молдогазиева, ошол эле депутаттык комиссияга катышкан депутаттар. Эгер мен бул ишти созуп, тоскоолдук жараткым келсе, өз пикири бар, көз карандысыз адамдарды чогултат белем? Ошондой эле экология боюнча эксперт катары Д.А.Кутманова (Акылбек Жапаровдун “Кумтөр” боюнча комиссиясынын мүчөсү – ред.) чакырылган", - дейт Бабанов.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өз убагында Садыр Жапаров сыяктуу эле азыр Бабанов да мыйзамсыз камалды дейт.

"Кимдир бирөөгө жагабы же жакпайбы, бирок бул чындык! Мен башынан эле саясатчыларды абакта фактысыз, далилсиз камоого каршы чыгып келем. Биз түшүнүк эмес, мыйзам боюнча жашашыбыз керек. Мен убагында Жапаров, Текебаевдин мыйзамсыз камалганын айткам, Бабанов да мыйзамсыз кармалып, сот отурумдары журналисттер киргизилбестен жабык түрдө жана мыйзамды одоно бузуулар менен өттү!" - дейт Акаев.

“Кумтөр” ишинде өз позициясын так айтып, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп келген Өмүрбек Бабанов эмнеге камакка алынышы керек дешет Таластагы тынчтык митингине чыккандар:

"2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду 600 миң шайлоочу колдогон, бул оңой эмес! Баарыбыз анын өлкөгө кошкон салымын көрүп турабыз! Биз акыйкаттыкты талап кылабыз! Бабановго коюлган негизсиз айыптоолорду жокко чыгарып, ага боштондук берүүнү талап кылабыз!" - дейт нааразы тарап.

Учурда адвокаттар Өмүрбек Бабановдун кармалышын мыйзамсыз деп таап, аны эки айга камакка алуу тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылышты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан