Ат-Башы - Кында - Торугарт унаа жолу 1-апрелге чейин жабылды
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кышкы аба ырайына байланыштуу Ат-Башы - Кында - Торугарт унаа жолунун бир бөлүгү кийинки жылдын 1-апрелине чейин жабылды. Ат-Башы райондук администриациясы кар көчкү коопсуздугунан улам Кында ашуусун жабуу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу Ат-Башы - Түз-Бел - Торугарт унаа жолуна чектөө киргизилди.