Германияда окуп жаткан Айжаркын Бейшенбек кызы: "Мен аябай деле окууга шыктуу, тырышчаак эмесмин. Болгону жоопкерчиликтүүмүн"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)
23 жаштагы Айжаркын Бейшенбек кызы Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Учурда Германиянын Филлинген-Швеннинген шаарында Хога окуу жайында окуп жатат. Ар дайым билим алуудан, эмгектенүүдөн жана алдыга чоң максаттарды коюудан жалтанбай аракет кылуубуз керек деген каарманым өзү окуган окуу жай, Германиядагы жашоосу тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

Германия бизден 30-40 жыл алдыга өнүгүп кеткен

- Мен өзүм журналисттердин кызы болом, апам өз кесибинде иштечү, бирок көп жыл мурун каза болгон. Атам журналист болуп иштеген жок, көп жылдан бери айдоочу болуп иштейт. Үч бир туугандын улуусу болгондуктан жоопкерчилик дайыма көп. Кичинекей кезимден бери эле ата-энеме жардам берип, уят кылбайын деп аракет жасайм. Кудайга шүгүр, атам мага ыраазы, мындан ары дагы ушундай болот деп ишенем. Өзүм Бишкектеги №69 гимназияда биринчи классымдан бери немис тилин окугам. 11-класста "Окуучулар алмашуу" деген программа менен 10 күнгө Германиянын Бремен шаарына барып келгем. Мектепти бүтүп тил дипломун алып, анан университетке тапшырып, жайкы каникул учурунда "Work and travel" сыяктуу программа менен иштеп баштадым, жай сайын каникулда барып иштеген чынында адат болуп калат экен. Бул программа студенттерге гана болгон үчүн университетти бүтүп Германияга окууга тапшырууну чечтим. Германиянын Филлинген-Швеннинген шаарында Хога окуу жайында "Ausbildung" кылып отелде окуйм. Бир жылына 2-3 жолу окуу жайга барып окуйбуз, калганы отелде практика өтөбүз. Практика дагы, окуу дагы төлөнөт. Айына 800 евронун (ар тармакта ар кандай) тегерегинде айлык алабыз. Германияда жашоо аябай эле айырмаланат, тилекке каршы бардык тармактан алар бизден 30-40 жыл алдыга өнүгүп кеткен. Кудайым буюрса, жок дегенде 30-40 жылдын ичинде Германиядагыдай жашап калсакчы...

Кыргыз жаштарында азыр аябай эле көп мүмкүнчүлүктөр бар

- Немистерден биз тактыкка үйрөнүшүбүз керек экен. Буларда дайыма бардыгы өз ирети менен: интернеттеги сатып алуулар оңой жана бат, анткени почта күндө иштейт. Доктурга, жумушка, ресторан-кафелерге, дегеле бардык жакка, дайыма алдын-ала жазылыш керек. Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу болуш керек, антпесе көбүрөөк акча төлөп калышат. Бул жакта коомдук транспорт дагы кымбат, бирок бүт түрлөрү бар. Ошондой эле Германияда гана эмес, бүт Европа өлкөлөрүндө автобус, поезд жана кемелер менен саякаттаса болот. Кыргыз жаштарында азыр аябай эле көп мүмкүнчүлүктөр бар. Калп айтпасам азыр жаштардын 70-80 пайызы чет өлкөдө болгон. Алардын жарымы Германияда болсо, калганы Орусия, Түркия, Греция, Польша, Америка жана башка өлкөлөрдө болгон же эми барышат. Азыр чет жакка чыгуу, оңоюраак болуп калды (карантинди кошпогондо). Ошондуктан мүмкүнчүлүк болуп турганда колдонбой коюш күнөө болсо керек (күлүп).

Мен аябай деле окууга шыктуу, тырышчаак эмесмин

- Мен өзүм аябай деле окууга шыктуу, тырышчаак эмесмин. Болгону жоопкерчиликтүүмүн, ошол себептен иштеп, үй-бүлөмө жардам берейин деген эле аракет. Немис тилин мектептен бери окуганым менен, 6-7 ай окуп жайкы каникулга иштегени барган студенттер менен эле чогуу жүрдүм. Алардын аракети көбүрөөк. Көрсө 6-7 айда деле жаңы тилди өздөштүрсө болот экен. Ошондуктан кандай үй-бүлөдөн болбосун кайсы жакта жашабасын чет өлкөдө окуп, иштеген колубуздан келет. Болгону аракет. Көптөгөн агенстволор азыр Германияга, Түркияга жана башка Европа мамлекеттерине кетүүгө жардам берип жатат. Мен башкалардай болуп, Германияда калып калгым келбейт. Кандай болсо дагы Кыргыз өлкөм, өзүмдүн жерим, үй-бүлөмдү, досторумду аябай сагынат экенмин.

Жаштардын чет жакка чыгып иштеп, окуп жатканы аябай сонун

- Келечектеги максатым, Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө колумдан келген жардамымды берсем дейм. Менден кийинки муундар менен өз билген тажрыйбаларым менен бөлүшүп, Кыргыз жаштарын өз туура жолун табууга жардам берсем деген кыялым бар. Негизи өзүмдүн жана бизден кийинки муундарга аябай ыраазымын. Кудай буюрса, Кыргыз өлкөсүн өнүктүрүү биздин жана бөбөктөрүбүздүн колунан келет деп ишенем. Эң башкысы - билим. Билими жок эл, билими жок мамлекет деп эсептейм. Ошондуктан жаштардын чет жакка чыгып иштеп, окуп жатканы аябай сонун. Өнүккөн мамлекеттерде билим алып, салыштырып, өзүбүздүн мамлекетти өнүктүрүү биздин колубузда.

Окуу-билим оңой берилбейт

- Немис тилин үйрөнүү чындыгында кыйын, бирок аракетке берекет. Окуу-билим, негизи эле оңой берилбейт, оңой болсо да күнүмдүк жашоодо аны колдонуш кыйын. Ошондуктан тил үйрөнүүдө практика жана жакшы эс-тутум эң маанилүү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ulia...
2021-06-15 22:33:32
Азамат, ал Жака жетпеген канча Адам бар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан