"Ийгиликке жетүүнүн эң негизги себеби туура максат коюу" дейт Германияда окуп жаткан кыргыз жигити (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Татыктуу билим алып, керектүү адистикке ээ болуу - бүгүнкү күндүн талабы. Ал эми ага жетүү үчүн чет өлкөдө билим алуу чоң эмгекти жана түйшүктү талап кылат. Биздин бүгүнкү каарманыбыз 24 жаштагы Бектемир Мамыров. Ал азыркы учурда Германиянын Берлин шаарында инженерлик кесипке окуп жатат. Ал аталган өлкөгө болгон билим сапары, алдыга койгон максаттары тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

- Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Атым Бектемир Мамыров, учурда 24 жаштамын. Кочкор районунун Кочкор айылында туулуп өскөм. 2015-жылы Нинакан Жундубаева атындагы мектеп-гимназиясын ийгиликтүү аяктап, бешинчи класстан бери немис тили менен кызыгып, мектепти аяктаганга чейин ал тилди жакшы өздөштүргөнүм үчүн негизги кийинки кадам Кыргыз-Германия техникалык институтунун электротехника жана электрэнергетикалык системаларын автоматташтыруу багытында билим алуу болду. Ал жакта окуп жатканымда, көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Мисалы катары айтсам, жыл сайын лабораториялык проекттерге катышып, Германиянын ар кайсы шаарындагы техникалык окуу жайларына келип, билимимди жогорулатып жаттым. Германия мамлекети аркылуу берилген көптөгөн окуу стипендияларына билимимдин күчү менен ээ болдум. Ошондой эле президенттик стипендияга татыктуу болдум.

- Германияга окууга кандайча барып калдыңыз?

- Азыркы учурда Германиянын Берлин шаарындагы Beuth Hochschule für Technik окуу жайында энергия жана автоматташтыруу факультетинде магистратурада немис тилинде окуп жатам. Кыргыз өлкөсүндө жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктап, билимимди жогорулатуу жана келечекте мыкты инженер болуу максатында болгон күчүмдү Германиянын DAAD программасына эки жылдык магистратура стипендиясына тапшырып, анын бирден бир жеңүүчүсү болдум. DAAD стипендиясына катышуу үч оор этаптан турат. Оор болгонуна карабастан, максат коюп, максатыма жеттим.

- Окууңуз тууралуу айтып берсеңиз. Кыргыз өлкөсү менен айырмачылыктары

- Учурда мен окуп жаткан ЖОЖ Германиянын эн алдыңкы окуу жайларынын бири. Студенттерге бардык шарттар эң мыкты түзүлгөн. Лабораториялык иштерибиз эң заманбап жана роботтоштурулган лабораторияларда жүрүп турат. Азыркы учурга керек болгон приборлор менен изилдөө иштерин жасап турабыз. Бул жактын китепканалары студенттер үчүн абдан сонун уюштурулган. Чынын айтканда, китепканадан чыккың келбейт. Кыргыз өлкөсүндө бул шарттын баары жок болгондугунан, окуу программалар жаңыланбаган үчүн айырмачылыгы алдаганча чоң. Бул жактын окуусу негизи оор болуп эсептелет, бирок ага карабастан, келечектеги максаттарга жетиш керек экенин билип, күнү-түнү окуп, күн сайын эмгектенип жатам.

- Чет өлкө сизди эмнеге үйрөттү?

- Бул жакта жүрүп мен убакытты туура жана пайдалуу колдонууну үйрөндүм. Убакыт - бул чоң бир байлык экенин Германияда жүрүп түшүндүм. Ар бир жасалган иш үчүн жоопкерчиликтүү болууга, негизгиси ой жүгүртүүнү жаңы, бир башкача этабына жогорулатуу болду.

- Кыргыз жаштарына ийгиликке жетүү үчүн кандай кеңештерди сунуштайт элеңиз

- Ийгиликке жетүүнүн эң бир негизги себеби бул туура максат коюу деп эсептейм. Максатты койгон соң бардыгын камдап, пландаштыруу жана анын үстүнөн талыкпай эмгектенүү. Ошондой кеңештеримдин бири бул китеп окууну сунуштайт элем. Китеп - бул мен үчүн күн сайын өзүн-өзү өнүктүрүү.

- Келечекте кандай максаттарыңыз бар?

- Жакын арадагы максаттарымдын бири, магистратураны ийгиликтүү бүтүрүп, жакшы бир электртехника системасын автоматташтыруу жаатында инженер болуп, Германиядагы дүйнө жүзүнө таанымал болгон компаниялардын биринен жумуш ордун алуу.

- Тил үйрөнүү анын ичинен немис тили алда канча оор деп айтышат. Тил үйрөнүүдө кеңештериңиз

- Ооба, немис тили оор тилдердин бири болуп эсептелет. Ар бир тилдегидей эле немис тилин да үйрөнүүдө логика талап кылынат. Биринчиден, эгерде немис тилинин колдонуудагы логикасын билип алса, тилди өздөштүрүүдө бир канча жеңилдик болот. Учурда интернеттин жардамы менен бир кыйла бат эле жана өз алдынча үйрөнүп алуу мүнкүнчүлүгү көп.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Окууларыңызга ийгилик!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан